03.07.2019 09:46

Екатеринбургда жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти

Екатеринбургда жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын мурунку жетекчиси жана жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ишкердин ок жеген денеси 2-июль күнү турак үйлөрдүн биринин алдынан табылган. E1.RU билдиргендей, Каримов курсак тушуна жана бутуна ок жеген. Такталбаган маалыматтар боюнча, кылмыш болгон жерде акча салынган сумка табылган.

«Өлтүрүлгөн киши «Таганский ряд» базарында иштеген ишкер болчу. Кол салгандар анын үйүнө Түндүк Осетиянын номери илинген Volkswagen Touareg унаасында келишкен. Ишкерди өлтүрүшкөндөн кийин унаа ошол жерде калган, аны жол тескөөчүлөр эвакуатордун жардамы менен алып кетишти», - деп жазышат ЖМКлар.

Ошондой эле, Каримовду болжол менен саат 15:00 чамасында өлтүрүп кетишкен. «Күбөлөр кол салгандар экөө болгонун -алар алгач Каримовду токмоктошконун, анан эки ирет ага карата ок чыгарышканын айтышкан. Бир ок курсагына, экинчиси бутуна тийген. Камчыбек Каримов дароо өлгөн эмес  — жерине чакырылган «Тез жардам» кызматы аны сактап калууга аракет кылган, бирок, майнап чыккан жок», - деп айтылат маалыматта.

Россиянын укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө.